• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ӨКМ: Сутка ичинде өлкө боюнча 163 миңден ашуун погондук метр унаа жолу дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Кечээ, 3-август күнү өлкө боюнча 163 900 погондук метр унаа жолдор, 60 983 чарчы метр имараттар дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле министрлик тарабынан жалпы 2627 адамга ысык тамак-аш берилген.

“112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 4995 чалуу катталып, анын ичинен 66 коронавирус боюнча чалуу түшкөн. Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпиталда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү), гуманитардык жардамды жерине жеткирүүгө ӨКМ тарабынан 320 кызматкер жана 41 унаа тартылган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий