• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Казакстандын билим берүү тармагындагы байланышы бекемделет

Коом 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Каныбек Исаков Казакстан Республикасынын билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов менен жолугуп, алар билим берүү тармагындагы бир топ маселер боюнча пикир алышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда министрлер Казакстандагы орто мектептерде жүрүп жаткан реформалар, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн күчөтүү боюнча баарлашып, эки өлкөнүн жогорку окуу жайлары ортосундагы кызматташууну жакшыртууну талкуулашкан.

Мындан сырткары биргелешкен семинар, конференцияларды өткөрүү, илимий байланыштарды өркүндөтүү демилгелери айтылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ЖОЖдорунда 2 миң казакстандык студент билим алса, кошуна өлкөнүн жогорку окуу жайларында 1 миң кыргызстандык студент окуйт.

Пикир

Оставить комментарий