• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

147 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды – УКМК

Коом 0


Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Мамлекетке 147 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды, деп билдирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен.

Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого каршы күрөштүн натыйжасында жалпы аянты 0,58 га, баасы 147 млн сом болгон жер тилкеси аныкталып, мамлекетке кайтарылды.

Тактап айтканда, мурда козголгон кылмыш ишинин натыйжасында 2008-жылы Коргоо министрлигинин айрым кызмат адамдары ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзамдык жол-жоболорду бузуу менен министрликтин балансынан 0,58 га өлчөмүндөгү жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз алып чыккандыгы аныкталды.

Белгилей кетсек, 2008-жылдан 2022-жылга чейин белгиленген жер тилкеси бир нече жолу ар кандай адамдарга, анын ичинде ишканаларга катталган. Бардык жагдайларды дыкат изилдөө көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө УКТдан түшкөн кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу максатында аталган участок "Б" ЖЧКсына сатылып алынган жана таризделген. Мында, бул компаниянын уюштуруучулары К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун аффилирленген жактары болуп саналат.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин жыйынтыгы боюнча аталган аффилирленген жактар участокко ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүшүп, мыйзамдуулукту калыбына келтирүү максатында жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып беришти.

Учурда аталган жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүүгө катыштыгы бар Коргоо министрлигинин кызмат адамдарын белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу максатында тергөө иштери улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий