• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата 32 билим берүү мекемеси пайдаланууга берилет

Коом 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгына карата өлкө боюнча 32 билим берүү мекемесин пайдаланууга берүү пландалган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамкурулуш агенттиги республикалык бюджеттин каражаттарынан жана Сауд ѳнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынан каржыланып жаткан билим берүү обьектилеринин курулушунун жүрүшү тууралуу пресс-тур өткөрдү.

Пресс-турдун программасына ылайык, катышуучулар Чүй облусунун жаңы окуу жылына карата курулуш иштеринин жана билим берүү обьектилеринин даярдыгынын жүрүшү менен таанышты.

Биринчи болуп пресс-турдун катышуучулары Озерная айылындагы жаңы мектептин курулушунун бүткөрүлүшү менен таанышышты. Азыркы учурда объекттин курулуш даярдыгы 98% түзөт. Аталган имарат 2019-жылдын октябрь айында башталган. Анын долбоордук кубаттуулугу 375 окуучулук орунга эсептелген, сметалык наркы 1 млн 526 миң 804 долларды түзүп, анын ичинен Сауд ѳнүктүрүү фондунан 1 млн 007 миң 993 доллар каржыланган.

Белгилей кетсек, мектеп жаңы форматта курулууда, анда окутуу үчүн бардык шарттар каралган. Долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика, информатика класстары болот.

Кийинки Бишкек шаарынын №72 мектеп-гимназиясынын курлуш даярдыгы 95% түзѳт. Бул жаңы кошумча окуу корпусу 225 окуучу орунга эсептелген. Объекттин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин Бирдиктүү депозиттик счетунун эсебинен башталган. Анын сметалык наркысы 37 млн 2 миң сомду түзүп, баары каржыланган. Объект 2 окуу корпустан туруп, жалпы аянты 1640,8м2 түзөт. Окуу корпустарында негизги класстардан тышкары профилдүү химия, биология, информатика, китепкана, лаборатория кабинеттери каралган. Учурда подряддык уюм тарабынан объекттеги курулуш жумуштары негизинен аягына чыгып, мектептин айланасын көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштери, эмеректерди орнотуу жумуштары жүргүзүлүп жатат.

Андан соң, Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы №5 улуттук компьютердик гимназияга кошумча окуу корпусунун курулушу менен танышышты. Учурда мектептин даярдыгы 96% түзѳт. Бул билим берүү объектисинин курулушу өткөн жылдын январь айында Сауд Өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынан башталган. Анын сметалык баасы 1 млн 028 миң 600 долларды түзүп, фонд тарабынан 646 миң 187 доллар каржыланган. Долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика, информатика класстары каралган. Азыркы учурда подряддык уюм тарабынан аймакты көрктөндүрүү жана ишке киргизүү жумуштары аяктоодо.

Пресс-турдун программасынын аягында Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясынын курулушу менен танышышты. Жаңы мектеп 384 окуучу орунга эсептелген, анда 3 кабаттуу эки окуу корпусу, спорттук зал, актовый зал ашкана жана бардык профилдүү класстар каралган. Жалпы аянты 3495м2 түзөт. Сметалык наркы 83 млн 546,9 миң сомду түзүп, Бирдиктүү депозиттик счеттун эсебинен каржыланган. Учурда объекттин даярдыгы 99% түзүп, подрядтык уюм тарабынан бардык курулуш жумуштары аягына чыгып калды.

Белгилей кетсек, республика боюнча КРнын эгемедүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине жана 2021-2022-окуу жылына карата 32 билим берүү объектилерин тапшыруу пландаштырылган. Анын ичинен 15 мектеп толугу менен, 7 окуу корпусу, 1 спортук зал жана 9 бала бакча каралган. Учурда 4 мектеп менен 1 бала бакча пайдаланууга берилип, калган 27 объектилерде жумуштарды аткаруунун бекитилген графигине ылайык, курулушту бүтүрүү жана ишке берүү окуу процесси башталганга чейин пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий