• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Иманов КТБ кызматкеринин пара менен кармалышы боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Жалал-Абадда системалуу түрдө пара алып турган Калкты тейлөө борборунун кызматкеринин кармалышы боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, ал калкты тейлөө борборлорунда жарандарга паспорт жана башка документтерди берүү системасы ушунчалык коррупциялашкандыгы жана тамыр жайып кеткендиги, алардын кызматкерлери эч нерседен жана эч кимден коркпой калгандыгы боюнча бир нече жолу айтып келген.

"Акыркы айларда Санариптик өнүктүрүү министрлиги тиешелүү укук коргоо органдары менен бирдикте жемкор кызматкерлерден тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул иштердин жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине бир катар кылмыш иштери козголуп, тартиптик жаза чаралары колдонулду.

Бул иш мындан ары да улантылат, анткени министрликтин дарегине КТБнын кызматкерлери кызмат көрсөтүү үчүн кошумча акы талап кылып жаткандыгы тууралуу арыздар жана даттануулар түшүүдө. Жалал-Абад шаарындагы кечээки окуя эмнеден кабар берет? Калкка кызмат көрсөтүү системасында коррупциянын деңгээли дагы эле бар экендиги жана аны жокко чыгаруу, калкты тейлөө борборунда жемкорлукка бөгөт коюу боюнча чараларды күчөтүү", - деп жазган министр.

Ал белгилегендей, коррупциялык көрүнүштөрдү комплекстүү алдын алуунун алкагында министрликте жана анын ведомстволук түзүмдөрүндө профилактикалык иштер жигердүү жүргүзүлүп, кызмат көрсөтүүдө адам факторун жокко чыгаруу максатында бардык мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча чаралар көрүлүп, ишке ашырылууда.

"Кечээки окуянын жыйынтыгында бул иш боюнча комиссия түзүлүп, ведомстволук түзүмдөрдүн жана КТБнун жетекчилери менен жыйын уюштурулуп, анда иштин натыйжалуулугуна жетишүү үчүн бир нече чечимдер кабыл алынды.

Жакынкы аралыкта кадрларды ротациялоо иштери каралууда! Кандай гана узак процесс болбосун – биз жарандардын ишенимин актаганга чейин максатты көздөй кадам таштай беребиз", - деп кошумчалады Иманов.

Пикир

Оставить комментарий