• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда системалуу түрдө пара алып турган КТБнын кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Системалуу түрдө пара алуу фактысы боюнча Жалал-Абад шаарындагы «Инфоком» ишканасынын калкты тейлөө борборунун кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-августта Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад шаарындагы Калкты тейлөө борборунун кызматкери, 1981-жылы туулган КР жараны С.Б.Б., КР улуттук паспортторун мыйзамсыз берүү, системалуу түрдө пара алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды.

Жалал-Абад шаарындагы Калкты тейлөө борборунун кызматкери С.Б.Б., Кыргыз Республикасынын жаранынын жашы жете элек балдарга 2021-жылдын үлгүсүндөгү жарандык паспортторун мыйзамсыз тариздөө жана берүү, кийинчерээк аларды башка жактарга алып чыгуу үчүн 1 миң сомдон 15 миң сомго чейин акча каражаттарын системалуу түрдө алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алган, ошондой эле «ортомчулардын» жардамы менен жашы жете элек баланы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга баланын ата-энесинин биринин (негизинен улуту өзбек) атынан жарандын жарандык паспортун берүүгө жана алууга укук берген жасалма ишеним каттарды даярдашкан.

Учурда системалуу түрдө акча каражаттарын алуу («Пара алуу») туралуу байланыштарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий