• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте адам өлтүрүү үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Бишкекте адам өлтүрүү жана каракчылык үчүн эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагында эл аралык издөөдө жүргөн 1976-жылы туулган В.П. аттуу жаран кармалды.

1976-жылы туулган В.П. аттуу жаран 2005-жылдан бери Россиянын укук коргоо органдары тарабынан киши өлтүрүү жана каракчылык боюнча издөөдө жүргөн.

Учурда тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий