• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Сузактагы унаа сүзгөн балдар. ЖКККБдан кырсыктын чоо-жайын айтып беришти — видео

Кырсык 0


Бишкек. 02.05.24. /Кабар/. Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан Сузак районундагы кичи жүк ташуучу унаа балдарды сүзүп кеткен окуянын чоо-жайын айтып беришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, окуучулар республикалык сынактын алкагында тоодо "Манас" эпосун аткаруусу керек болчу, бул учурда ыраакта токтоп турган Hyundai Porter унаасы белгисиз себептен жүрүп кетип, боз үйдү сүзгөн.

Кырсык болгон учурда унаада айдоочу болгон эмес, балдарды сүзүү атайын жасалбаган кырсык катары бааланат.

Ведомстводон азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын белгилешти.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги жүк ташуучу чакан унаа 29 баланы сүзүп кеткенин, анын ичинен үчөөнүн абалы оор экенин кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий