• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Таш-Көмүрдө Нарын дарыясына түшүп кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Нарын дарыясында изделип жаткан 6 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шамалды-Сай шаарынын "Титаник" эс алуу жайына жакын Нарын дарыясынын жээгинде болжол менен 7-8 жаштагы баланын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 2 суучул 1 кайык менен тартылып, издөө иштеринин натыйжасында 2018-жылы туулган Н.Н. атуу жаш баланын жансыз денеси табылып, туугандары менен биргеликте ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий