• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ: Ошто ресторандан чыккан ири өрт чектөөгө алынды

Кырсык 0


Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Ош шаарынын Алиев көчөсүндө жайгашкан ресторандан чыккан ири өрт саат 12:05те чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жеринде төрт күжүрмөн эсеп иштеп жатат.

"Өрт өчүрүүчүлөр жалынды толугу менен өчүрүү аракетин көрүүдө. Жерине ошондой эле бир автошаты, штаб жана КККБдан ыкчам топ жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Азырынча өрттүн эмнеден улам келип чыккандыгы белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий