• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жыл башынан бери 215,4 миң электрондук патент берилди – МСК

Экономика 0

Бишкек, 30.04.24./Кабар/. 2024-жылдын башынан бери онлайн режиминде 531 миллион 993,8 миң сомго 215 миң 430 электрондук патент берилген.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 133 миң 652 патентке же 248 миллион 783,4 миң сомго аз берилген.

Берилген патенттердин санынын азайышы патент боюнча соода жүргүзгөн ишкерлердин башка салык режимдерине өтүүсү менен түшүндүрүлөт.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып патент берүү соода ишмердигин жүргүзгөн чөйрөдө токтотулат.

Электрондук патентти алуу жана узартуу үчүн салык органдарына баруунун кажети жок. Сabinet.salyk.kg. сайттындагы "жеке кабинетке" кирүү жетиштүү.

Ошондой эле электрондук патентти үчүнчү жактардын санариптик платформалары (коммерциялык банктар, мобилдик байланыш операторлору ж.б.) аркылуу тариздөөгө жана төлөөгө болот.

Пикир

Оставить комментарий