• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улан-Батордо «Чыңгыз хан» музейинде кыргыздардын тарыхына, маданиятына арналган көргөзмө ачылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен бирге Кыргызстандын Улуттук тарых музейи тарабынан Улан-Батор шаарындагы «Чыңгыз хан» улуттук музейинде уюштурулган көргөзмөнүн ачылышына катышты.

«Көчмөндөр цивилизациясынын табериктери» аталышындагы көргөзмөдө кыргыз элинин тарыхына жана маданиятына таандык сүрөттөр жайгаштырылган. Ошондой эле келгендерге Манас эпосунан үзүндү айтылып, ыр-күүлөр тартууланды.

Көргөзмөнүн ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев көчмөндөр цивилизациясы бабалардан калган баалуу энчи экенин белгилеп: «Бизде «Тарыхы болбой - эл болбойт» - деген жакшы кеп бар. Бирок дүйнөдө узак жылдарды камтыган тарыхка ээ улуттар саналуу гана. Байыркы тарыхка ээ калктардын катарында кыргыз менен монгол эли турат. Эки эл тең тарыхка өчпөс из калтырган. Барсбек бабабыз Улуу Кыргыз дөөлөтүн негиздесе, Чыңгыз хан Улуу Монгол империясын түптөгөн. Андыктан, көчмөн цивилизациясынын башатында турган эки элдин тарыхый табериктерин изилдөө аркылуу, байыркы үрп-адаттарыбызды урпактан-урпакка улантуу орток максатыбыз болушу керек»,- деди.

Ошондой эле орток маданий мурастарга ээлик кылган кыргыз менен монгол калкы аталган багытта биргелешип иш алып баруусу кажет экенин айткан төрага: «Кыргыз тарап маданият күндөрүн өткөрүү, адабият, тарых жана археология жаатында тыгыз кызматташуу, достук коомдорунун ишин активдештирүү, эки өлкөнүн илимпоздорунун биргелешип иш алып баруусуна өбөлгө түзүү, анын ичинен эки элдин тарыхый жана маданий мурастарын изилдөө боюнча көптөгөн иш-чараларды өткөрүүнү сунуштайбыз», - деди.

Ал эми Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар да кыргыз менен монгол калкы байсалдуу жолду басып өткөнүн белгилеп, Алтай аймагы менен Тянь-Шань тоолорун жердеген эки улуттун орток тарыхын изилдөө азыркы муундун анык милдети экенин кошумчалады.

Муну менен катар ушундай көргөзмөлөрдүн уюштурулушу маданий байланыштарды арттырууда өзгөчө мааниге ээ экенин айтып, бул жаатта мындан ары да тыгыз иш алып баруу зарылчылыгына токтолду.

Пикир

Оставить комментарий