• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин төрагасынын иш сапары Аксы районунда уланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин иш сапары Аксы районунда уланды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, алгач төрага Авлетим айыл аймагына караштуу Мукур айылына барып, К.Алымкулов атындагы жалпы орто билим берүү мектебининин курулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган айылдагы мектеп авариялык абалда экени аныкталып, жаңы имарат куруу үчүн республикалык бюджеттен 72 млн сомдон ашуун каражат каралган. Кийинки жылы колдонууга берилери күтүлүп жаткан жаңы имарат 225 окуучуга ылайыкташкан.

Ушундай эле мектептердин курулуш иштери Чат жана Дардак-Дөбө айылындарында да жүрүүдө. Тагыраагы, Чат айылына курулуп жаткан 150 орундуу К.Кулназаров атындагы мектептин имараты жана спорт залы үчүн 45 млн сомго жакын каражат каралган. 2018-жылы эле курулушу башталып, бирок аягына чыкпай келген. Ага ылайык, Нурланбек Шакиев маселени өз көзөмөлүнө алып, кайрадан курулуш иштери быйыл жандандырылган. Андан тышкары, аталган айылда фельдшердик-акушердик пункт да салынып, жакынкы аралыкта ишке берилери күтүлүүдө.

Ал эми Дардак-Дөбө айылындагы мектептин пайдубалы быйыл эле түптөлүп, 93 млн сомдук жаңы имараттын курулушу жигердүү уланууда.

Курулуштар менен таанышуу алкагында жергиликтүү эл менен да жолугушкан төрага быйыл жалпы республика боюнча жасалып жаткан айрым иштерге токтолду. Анын ичинен көмүскө экономиканы азайтуу, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу чараларынын негизинде быйыл эле өлкө экономикасы 7 жарым пайыз өскөнүн белгилеп, айрыкча социалдык мекемелердин курулушу жигердүү жүрүп жатканын кошумчалады.

“Акыркы жылдары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, мектеп, бала бакча имараттары арбын салынууда. Мугалимдердин да айлык маянасы жогорулатылып, агартуучуларды колдоого багытталган алгылыктуу иштер жасала баштады”,– деди Нурланбек Шакиев мындай иштер дагы да улантыларын билдирди.

Муну менен катар курулуштардын сапатына өзгөчө көңүл буруп, Мукур айылына салынып жаткан мектептин чатырын тез арада жабуу керектигин айткан Жогорку Кеңештин төрагасы тийиштүү иштерди убагында бүткөрүүнү талап кылды.

Ошондой эле жолугушууда ички жолдорду жаңылоо, калкты таза суу менен камсыздоо өңдүү маселелер көтөрүлдү. Анын ичинен Чат айылынын тургундары медицина тармагына, социалдык төлөмдөргө жана экологияга байланышкан көйгөйлөргө токтолушту.

Төрага Нурланбек Шакиев бардык айтылган маселелер менен тааныш экенин жана алардын чечилишин өз көзөмөлүнө аларын билдирип, таза суу менен камсыздоо жана электр мамычаларын орнотуу багытындагы долбоорлор кийинки жылы башталарын маалымдады.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевдин иш сапарын Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Азыгалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Элдар Сулайманов, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий