• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Польшадан келген эксперттер КР Эсеп палатасынын ишине жогору баа берди

Коом 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Польшанын Эсеп палатасынын эксперттеринин делегациясы кыргызстандык кесиптештеринин иш ыкмаларына жогору баа беришти. Бул тууралуу Польшанын Эсеп палатасынын кеңешчиси Войчек Гутыва журналисттер менен жолугушуунун алкагында "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал өткөн жылдын июль айында Польшанын Эсеп палатасынын төрагасы Кыргызстанга иш сапары менен келип, анын жүрүшүндө кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча келишимге кол коюлганын эске салды.

"Менин көз карашымда, Кыргызстандын Эсеп палатасы жогорку стандарттардын режиминде иштейт. Биз өнөктөш катары жетишкендиктерибиз, иштөө ыкмаларыбыз тууралуу айтып, тажрыйба бөлүшүү, ошондой эле кыргызстандык кесиптештерибиздин тажрыйбасын үйрөнүү үчүн келдик", - деди Гутыва.

Анын айтымында, польшалык адистердин иш сапарынын негизги максаты - дүйнөнүн бардык эсеп палаталарын бириктирген эл аралык уюмдун алкагында кыргызстандык кесиптештер менен тажрыйба алмашуу.

"Биз төрт компонент менен алектенебиз: негизги компонент аудиттин методологиясына жана стандарттарына тиешелүү, ал аудитти кантип жүргүзүү керек деген суроого жооп берет. Экинчи компонент Эсеп палатасы тарабынан берилген документтерге ишенимдин жогору болушу үчүн аудиттин сапаты. Үчүнчү компонент аудитте жаңы технологиялардын ролуна, жаңы технологияларды жумушта кантип колдонууга болот. Төртүнчү компонент коммуникацияга тиешелүү", - деди Гутыва.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Польшанын ортосунда аталган долбоор боюнча кызматташуу 2025-жылдын аягына чейин пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий