• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандан төрт айда 90 миңге жакын мал экспорттолду

Экономика 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги 2024-жылдын 4 айында өлкөдөн экспорттолгон жана импорттолгон мал жандыктардын көрсөткүчтөрү камтылган маалыматтарды жарыялады.

Министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстандан 80 миң 996 баш мал экспорттолгон:

бодо мал – 42 238 баш;
кой-эчки – 35 225 баш;
жылкы – 3 533 баш.

Ал эми өлкөгө 6 миңден ашык мал импорттолгон:

бодо мал – 4572 баш;
кой-эчки – 70 баш;
жылкы – 1484 баш.

Пикир

Оставить комментарий