• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үй кожойкеси, студент, жумушсуз жарандар. Салык кызматынын лотереясынын жеңүүчүлөрү кимдер?

Экономика 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 20-октябрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырды.

Салык кызматынан билдиришкендей, буга чейин 1-октябрда өткөн лотереяны ойнотуунун жүрүшүндө баалуу байгелердин 38 ээси аныкталган. Бирок, лотереянын шарттарын бузгандыгы үчүн төрт байге боюнча жыйынтык жокко чыгарылды.

Талас облусунда жашаган үй кожойкеси Таңсулуу Асанова эң чоң байге – KIA Rio автоунаасынын ээси болду. Башка жеңүүчүлөр, анын ичинен тогуз адам iPhone 13, тогуз катышуучу Samsung A33 смартфондорун утуп алышты. Калгандары үч микротолкундуу мештин, үч чаң соргучтун, телевизордун, муздаткычтын жана кир жуугуч машинанын ээлери болушту.

Жеңүүчүлөр өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынын өкүлдөрү экендиги расмий эмес жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде аныкталды. Анын ичинде 15 – Бишкек шаарынын, 5 – Чүй облусунун, 4 – Ош шаарынын, 3 – Ысык-Көл облусунун, 3 – Талас облусунун жана бирден Баткен, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тургундары.

34 жеңүүчүнүн ичинен алты үй кожойкеси, төрт убактылуу жумушсуз, үч студент жана бир пенсионер. Калгандары ар кандай тармактарда эмгектенишет, алардын арасында университеттин, мейманкананын, жеке фирманын, Калкты тейлөө борборунун, энергетикалык камсыздоонун, бажы кызматынын, тигүү цехинин, сулуулук салонунун, көмүр кенин иштетүүнүн, соода базасынын, курулуш компаниясынын кызматкерлери бар. Байгелердин ээлеринин катарында окутуучу, жеке ишкер, видеограф, маркетолог, программист-стажер, айдоочу, жеке фирманын экономисти да бар.

Эске салсак, лотереянын үчүнчү – акыркы утушу 30-декабрда өтөт, анда Бишкектен батир, автоунаа жана башка баалуу байгелер ойнотулат.

Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоо жол-жобосунан өтүп, товарларды же кызматтарды сатып алууда алынган кассалык чектердеги QR коддорун сканерлөө зарыл.

Пикир

Оставить комментарий