• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана аппараттын жетекчилери менен бөлүм башчылары катышты.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев акыркы эки аптада депутаттар шайлоочулар менен жолугушуп келгенин эске салып: “Эми калк тарабынан айтылган маселелерди парламентте көтөрүп, аларды чечүү багытында жигердүү иш алып баруубуз кажет”, – деди.

Андан соң координациялык кеңеш жыйындардын календардык планын карап, күн тартипке байланышкан маселелерди талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий