• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 1,4 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 1,4 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңилдетилген насыя аталган аймактарды газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2" долбоорунун алкагында "Айыл Банк" жана "РСК Банк" ААК тарабынан берилүүдө.

2024-жылдын 25-апрелине карата долбоордун алкагында 10 каржылоо субъекттерине 1,4 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди.

Белгиленгендей, кредиттөөнүн көлөмү 1 млрд сом суммасын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий