• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

Шакиев Австрия, Чехия, Словакия мамлекеттеринде жашаган мекендештер менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Австриядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөдө, ошондой эле ага коңшулаш Чехия, Словакия мамлекеттеринде иштеп жана окуп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту.

Жолугушууда расмий сапарынын максаты жана анын алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу учкай маалымат берген Төрага мекендештер менен да жолугушуп кетүү негизги пландарынын бири болгонун кошумчалады.

“Австрия баштаган Европанын өлкөлөрүндөгү алдыңкы окуу жайларында билим алып, ири компанияларда иштеп жаткан мекендештерибиз арбын экени өтө кубандырды. Бирок Кыргызстан силерди дайым күтөт. Бул жактан алган билимиңерди жана топтогон тажрыйбаңарды мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн жумшап, ири реформаларды ишке ашырууга салымыңарды кошосуңар деген ишеничтемин”, - деди Нурланбек Шакиев.

Муну менен катар Кыргызстанда жасалып жаткан иштерге, жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолгон Төрага: “Биздин башкы максатыбыз калктын социалдык абалын жакшыртуу, экономиканы көтөрүү жана бакубат мамлекетти куруу. Ошондой эле жалпы республика боюнча жумуш орундарын түзүү менен чет жерде эмгектенип жаткан жарандарыбызды мекенибизге кайтаруу” - деп кошумчалады.

Андан тышкары, көпчүлүк эмгек мигранттарынын негизги планы турак-жай алуу экенин белгилеген Нурланбек Шакиев акыркы жылдары жеңилдетилген баада ипотекалык үйлөрдү курууга өзгөчө көңүл бурулуп, жыл аягына чейин 5 миңдей батирди ээлерине тапшыруу максатталып жатканын маалымдады.

“Жеңилдетилген баада турак-жайларды куруу аймактарда да улантылып, район жана облус борборлорунда да жаңы үйлөрдүн пайдубалдары түптөлүүдө. Жакынкы жылдары турак-жайга болгон муктаждыкты кескин азайтып, эмгек мигранттарыбыздын да үйлүү болуусуна мүмкүнчүлүк түзөбүз”, - деди Нурланбек Шакиев.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, чет жерде жашаган мекендештердин балдарына кыргыз тилин үйрөтүү маселесине байланышкан көйгөйлөр көтөрүлдү.

Төрага аталган маселе боюнча да алгылыктуу аракеттер көрүлүп жатканын айтып, кыргыз тилин үйрөтүү боюнча заманбап усулдарды иштеп чыгуу тууралуу адистерге тапшырма бергенин билдирди. Муну менен катар чет жердеги жашаган мекендештердин балдарына керектүү кыргыз тилиндеги китептерди алып берүү боюнча да тийиштүү иштерди алып барууга даяр экендигин кошумчалады.

Жолугушууда Австрияда көп жылдан бери жашап келе жаткан Махабат Садырбек немис улутундагылар үчүн кыргыз тилин жеңил үйрөнүүгө ылайыктап иштеп чыккан усулдук эмгегин тааныштырды.

Андан тышкары, Словакияда 1500-4000дин тегерегинде кыргызстандык эмгек мигранттары бар экени айтылып, андыктан аталган өлкөгө Кыргызстандын элчилигин ачуу демилгеси көтөрүлдү.

Ошондой эле ортомчу агенттиктер аркылуу чет өлкөлөргө ишке орношуу ар кандай тобокелдиктер менен коштолуп жатканы белгиленип, аларды жөнгө салуу маселеси айтылды.

Төрага бул жаатта да жакында эле тиешелүү мекемелер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн маалымдап, чет жерде ишке орноштуруу маселесине байланышкан мамлекеттик механизмди иштеп чыгуу каралып жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, жолугушууга депутаттар Эльдар Абакиров, Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, Миргүл Темирбаева, Кыргызстандын Австриядагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Төлөндү Макеев, ошондой эле Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев да катышты.

Пикир

Оставить комментарий