• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖКда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.04.18./Кабар/. Жогорку Кеӊеште жаӊыдан түзүлгөн Өкмөттүн курамындагы Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү ант берип, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине КР Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан жаӊы өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Ал эми анттын тузу менен жүгү оор экенин белгилеген Президент өкмөт мүчөлөрүн берилген антына бекем туруп, калктын жашоо турмушун жакшыртуу жаатында талыкпай аракет жасоого чакырды.

Белгилей кетсек, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баштаган Өкмөттүн курамы 2018-жылдын 20-апрелинде отставкага кеткен.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте КР Президентинин катышуусунда ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий