• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президенттин жарлыгын бир айлык мөөнөттө аткарбагандар кызматтан бошотулат — Алагөзов

Коом 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 30-январында өлкө жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин жакшыртууга багытталган жарлыкка кол койгон. Бирок айрым жетекчилер буйтап, аны аткарбай коюунун айласын көрүп жатышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган жарлыкка ылайык жер жерлерде жер тилкелери жарандарга ипотекалык негизде турак жай куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүп берилиши керек болчу.

Президенттин маалымат катчысы министрлер, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылды.

"Учурда белгиленген жерлерди Мамлекеттик ипотекалык компанияга бербөөнүн айласын издеп “бул жерлер мурда эле жеке менчикке берилип кетиптир” деген шылтоо менен документтерди жасалмалай коюп жеке жактарга өткөрүп ийүү, же өзүңөрдө калтырып калууга аракет көрүү фактылары аныкталууда.

Министрлерге, өлкөбүздүн облус жетекчилерине, райондордун акимдери жана шаарлардын мэрлерине эскертүү!

Ар бириңиздер президент Садыр Жапаровдун жогоруда белгиленген жарлыгын бир айлык мөөнөттө аткарбасаңыздар ээлеген кызматыңыздардан бошотуласыздар.

Ал үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания менен байланышып иш алып барыңыздар. Мамлекеттик ипотекалык компания өзү дагы бул багытта иш алып барууда. Бирок мында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өзүлөрү биринчи кезекте өз аймактарында калкты турак жай менен камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты илгерилетүүгө кызыкдар болушу кажет", - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий