• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Тергөө абагында баңгизат саткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Коом 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Тергөө абагында баңгизат саткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Жазаларды аткаруу кызматынын мекемесиндеги камактагылардын биринен камакка алынгандардын арасында баңгизатын сатуу боюнча туруктуу канал уюштурганы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул фактынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө аталган мекемеде баңгизаттарды туруктуу таратуу каналы түзүлүп, 19 түрмөк (сверток) сатылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, 19 түрмөктөгү заттар баңги заты – кара куурайдын чайыры (гашиш).

Милиция кызматкерлери тарабынан чогултулган далилдеринин негизинде криминалдык иерархияда "положенец" деген макамга ээ болгон кылмышка шектүү катары Чүй облусунун тургуну 1989-жылы туулган Ш.Д. аттуу жаран кармалып, камакка алынды.

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун тургуну 2002-жылы туулган К.Р., Ысык-Көл облусунун тургуну 2000-жылы туулган Ы.Ы., Чүй облусунун тургуну 1999-жылы туулган Д.В. аттуу жарандар кармалган.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий