• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку сот “Элдик парламенттин” мүчөлөрүн актады

Коом 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Жогорку сот Төрөбай Колубаев, Марат Султанов жана Бекболот Талгарбековду актады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КР Жогорку сотунун 2021-жылы 17-февралдагы токтому менен Т.Колубаевдин жана М.Султанов жана Б.Талгарбековдордун кызыкчылыгын коргоодо адвокаттардын жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо тууралуу өтүнүчү канааттандырылды.

Биринчи май райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун өкүмү жана КР Жогорку сотунун токтому прокурордун корутундусуна жана КР ЖПК 446-беренесине ылайык кылмыш белгисинин жоктугуна ылайык иш токтотулду.

Эскерте кетсек, “Элдик парламенттин” өкүлдөрү Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана Марат Султановдор бийликти мыйзамсыз басып алууга аракеттенген деген айып менен 2016-жылы 12-майда кармалышкан. Б.Талгарбеков жана Төрөбай Колубаев күчөтүлгөн режимде жаза өтөө менен 14 жылга, ал эми Марат Султанов 10 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы алар шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулушкан.

Пикир

Оставить комментарий