• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

Саясат 0

Бишкек, 27.04.24./Кабар/. Жетишилген макулдашууга ылайык, 21-апрелден 27-апрелге чейин Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

КР министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактары боюнча сүйлөшүү жүргүздү жана бул ишти Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Пикир

Оставить комментарий