• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку Кеңештин төрагасы балдарга нукура кыргызча аттарды коюуга чакырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды кыргызча сөздөрдү колдонууга чакырып, буга “халал” деген сөздү “адал” деп эле айтууга болорун мисал кылды.

“Азыркы тапта арабдашкан ысымдарды коюу да адатка айланып кетти. Бирок бизде “Бакыт”, “Таалай”, “Элмырза”, Улукбек”, “Чолпон”, “Жылдыз”, "Балбак", “Нурбек”, Акылбек” деген жакшынакай ысымдар бар. Эгерде биз балдарыбызга нукура кыргызча аттарды койбосок, тилибиз эле эмес, кыргыз ысымдары да жоголуп кетет. Бул чоң коркунучтуу жагдай”,– деди төрага.

Ошондой эле шаарларда гана эмес, алыскы айылдарда да наристелер телефондон орус тилдеги мультфильмдерди көрө берип орусча сүйлөп калып жатканын айткан төрага: “Андыктан министрлер кабинети тез арада бардык балдарга ылайыктуу көрсөтүүлөрдү, мультфильмдерди кыргызчалап, керек болсо башка тилдеги көрсөтүүлөргө чектөө коюшу керек. Бүгүн биз тилибизди сактап калбасак, 5-10 жылдан кийин кыргыз тилин толугу менген жоготуп алабыз. Бул терең көңүл бурууну талап кылган маселе”, – деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий