• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкек – Ош унаа жолуна түшкөн таштар тазаланып, жол ачылды

Аймак 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун 441-чакырымына түшкөн таштар тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Жол №38 Жол тейлөө ишканасынын жумушчулары тарабынан тазаланып, каттам ачылды.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 13:30 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 441-чакырымында жолго таш кулап, жол убактылуу жабылган.

Пикир

Оставить комментарий