• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Асел Кодуранова ЖККУ ПА Кеңешинин жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 12-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) уюштурулган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын алкагында ЖККУ ПА тарабынан өткөн жылы жасалган иштер талкууланып, уюмдун кийинки жылга карата иш планы жана каржылык маселери каралды. Андан тышкары, коопсуздукка коркунуч жараткан жагдайларга каршы күрөшүү боюнча чаралар жана уюмдун бул жааттагы жоопкерчилиги тууралуу маалыматтар угулду.

Жыйынга төрагалык кылган Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин парламенттик ассамблея түрдүү заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө жана тиешелүү чечимдерди кабыл алууда маанилүү аянт болуп берерин белгилеп: "Парламенттер аралык кызматташтыкты жакшыртуу менен өлкөлөр ортосундагы тыгыз байланыштарды арттыруу аркылуу заманбап коркунучтарга каршы биргеликте күрөшө алабыз. Бул үчүн тиешелүү моделдик мыйзамдарды кабыл алып жана тажрыйбаларыбыз менен бөлүшүп туруубуз шарт", - деди.

Ал эми 2018-жылга карата ЖККУ ПАга төрагалык кылуу милдетин алып жаткан Казакстандын делегация башчысы уюмдун быйылкы артыкчылыктуу багыттарына токтолду. Баяндама жасаган Казакстан парламентинин Сенатынын Төрагасы Касым-Жомарт Токаев ЖККУ ПА эл аралык терроризмге жана маалыматтык-кибер чабуулдарга каршы күрөшүүгө өзгөчө маани бериши керектигин белгилеп, бул жаатта алгылыктуу кадамдарды жасоо зарылчылыгын кошумчалады.

Ошондой эле, жыйында үстүбүздөгү жылы Россия Федерациясында өткөн Президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу баяндама жасалып, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Вена шаарында уюштурулган кышкы сессиясына катышкан ЖККУ ПАнын өкүлдөрүнүн маалыматы угулду.

Мындан сырткары, ЖККУ ПАнын быйылкы күзгү жыйынын 29-30-октябрь күндөрү Ереван шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий