• 88.68
  • 95
  • 0.95

Асеин Исаев БУУ ӨПтүн Өлкөлүк программалык комитетинин ишине катышты

Коом 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Өлкөлүк программалык комитетинин ишине катышты.

Министрликтен билдиришкендей, комитеттин ишинин жүрүшүндө БУУӨПтун Туруктуу өкүлү Александра Соловьева Программасынын 2023-жылга карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, Комитетке негизги жетишкендиктер менен тааныштырды жана Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү үчүн келечекке артыкчылыктарды белгиледи. БУУӨПтүн командасы туруктуу экономикалык өнүгүү, климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрө, натыйжалуу башкаруу жана социалдык биримдик, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагындагы ишмердүүлүгүнүн төрт артыкчылыктуу кластерин тартууланды.

Иш-чаранын талкуу бөлүгүнүн алкагында мамлекеттик сектордун, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле өлкөнүн эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү БУУӨПтун Кыргызстандагы мындан аркы ишмердүүлүгү боюнча пайдалуу маалымат, тажрыйба жана сунуштар менен алмашышты.

Министрдин биринчи орун басары улуттук кызыкчылыктарды жана калктын реалдуу муктаждыктарын эске алуу менен БУУӨПтун долбоордук ишмердүүлүгүн өлкөнүн социалдык чөйрөсүн жакшыртууга, социалдык турак жайларды жана объектилерди курууга, Баткен облусун жана тоолуу райондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө, калктын ичүүчү суу, электр энергиясы, саламаттыкты сактоо, билим берүү ж.б. менен камсыз кылуу максатында, БУУӨПтун жакырчылык менен күрөшүү программасын ишке ашырууга практикалык катышууга чакырды.

Тараптар өз ара урматтоого жана колдоого негизделген Кыргызстан менен БУУӨПтун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү мындан ары да түзө беришерине ишендиришти.

Пикир

Оставить комментарий