• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Президенттин тапшырмасы менен Сузакта унаа сүзүп кеткен балдар Бишкекке алып келинет

Президент 0

Бишкек, 03.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Жалал-Абад облусунда унаа сүзүп кеткен балдар атайын борт менен Бишкекке алып келинет.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, абалы оор деп бааланып жаткан он бала туугандары менен чогуу Бишкектеги Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында болот.

Мамлекет башчысы балдарды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылууну жана күнү-түнү байкоо жүргүзүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, окуучуларды тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий