• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жакында Чүйдө унаа жана коммерциялык техникаларды чыгарган завод ачылат — Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Ташкент, 03.05.24. /Кабар/. "Чүй облусундагы унаа жана коммерциялык техникаларды чыгарган завод жакын арада ачылат", - деди КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-өзбекстан өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында.

Эскерте кетсек, өткөн жылы май айында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен "Өзавтосаноат" компаниясынын башкармалыгын төрагаы Улугбек Розукулов Чүй облусунун Ак-Суу айылында жеңил унааларды жана коммерциялык жабдууларды жыйноо жана чыгаруучу "Алтын Тулпар Унаа Курулуш" заводдун курулушуна старт беришкен.

Алгачкы этапта заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миң автоунааны түзүп, 1 миңден ашык туруктуу жумуш орундары түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий