• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кыргызстанда билим алып жаткан чет элдик студенттер онлайн окутууга өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда билим алып жаткан чет элдик студенттер онлайн окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда ЖОЖдордун жатаканаларында жана хостелдерде жашаган студенттердин коопсуздугун камсыздоо максатында күзөттөр уюштурулду.

"Биз ректорлор менен чукул жыйын өткөрүп, чет элдик студенттерди онлайн окууга өткөрдүк. Ошондой эле жергиликтүү студенттер чет элдик студенттерге зарыл каражаттар менен камсыздоо үчүн жардам колун сунушту. Хостелдерге жашаган студенттерге коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Мындай жагымсыз окуялар кайталанбашы зарыл. 18-майга караган түнү өлкөбүздө болгон окуядан баарыбыз сабак алуубуз керек", - деди ал.

Расул Абазбек уулу белгилегендей, өлкөдөн чыгып кетүүгө камынган студенттердин жайкы экзамендерин белгилүү бир мөөнөткө жылдыруу зарылдыгы каралат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 28 миң 800 чет элдик студент билим алууда. Анын басымдуу бөлүгүн Индия жана Пакистандан келген студенттер түзөт.

Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү кыргыз жарандары менен чет элдик студенттердин ортосунда башаламандык орун алган. Анда бир нече жаран жаракат алган. Окуянын чоо-жайы.

Пикир

Оставить комментарий