• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

8-майда Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. 8-майда Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең, 8-майда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Садовая көчөсү – Чүй проспекти – Ч. Валиханов көчөсү – темир жол линиясы, 7-Апрель көчөсү – Ауэзов көчөсү– Исакеев көчөсү – Ч.Валиханов көчөсү менен чектешкен аймактарда, ошондой эле Учкун конушу жана Учкун кичи районунда суу берүү токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий