• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-кытай чек арасы 3 күнгө жабылат. Себеби

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү жайлары 1-октябрдан 3-октябрга чейин жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чек ара Кытайдын түзүлгөндүгүнүн күнүн жана Орто күз майрамын белгилөөгө байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.

Белгиленгендей, чек арадагы өткөрүү пункттары 4-октябрдан тарта ишин кайрадан жандантат.

Пикир

Оставить комментарий