• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда комбанктардын активдери 7,3%га өсүп, 658,9 млр сомду түздү

Экономика 0


Бишкек, 27.04.24. /Кабар/. Улуттук банк банк секторунун өнүгүү тенденциялары тууралуу маалымат берди.

Анын маалыматына караганда, 2024-жылдын 31-мартына карата абал боюнча Кыргызстандын аймагында 23 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 316 филиалы иштеп турган.

Банк секторунун суммардык активдери жыл башынан тартып 7,3% өсүү менен 658,9 млрд сомду түзгөн.

Банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү жыл башынан 1,9% өсүү менен 262,7 млрд сомду түзгөн.

Банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы жыл башынан 8% өсүү менен 465,7 млрд сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий