• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кепилдик фонду: 7777-чи ишкер бизнесин өнүктүрүүгө кепилдик алды

Экономика 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Кепилдик фонду күн мурун 7777-чи ишкерге бизнесин өнүктүрүүгө кепилдик берди.

Уюмдун маалыматына караганда, кепилдиктин суммасы 281 миң сомду, кепилдиктин көлөмү 850 миң сомду түздү. Ишкер Таласта мас чарбачылыгы менен алектенет.

Бүгүнкү күндө Кепилдик фонд ишкерлерге 25,5 миллиард сомдон ашык суммадагы кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылып, дээрлик 7,9 миллиард сом өлчөмүндө кепилдик колдоо көрсөттү.

4406 кепилдик, бул берилген кепилдиктердин жалпы санынын 56,6%ы айыл чарбасын, анын ичинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Кепилдиктердин калган 43,3%ы өнөр жай, курулуш, соода, транспорт жана туризм тармагында бизнести өнүктүрүүгө багытталган.

Кепилдик фондунун ишинин бүткүл мезгилинде берилген кепилдиктердин 85,5%га жакыны өлкөнүн региондорунда өкүлчүлүк кылган чарбакер субъекттерди колдоого багытталган. Кепилдиктин 15%дан ашыгын Бишкек менен Оштун ишкерлери пайдаланышты.

Пикир

Оставить комментарий