• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Президент 0

Бишкк, 07.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, иш сапары менен Россия Федерациясына жөнөп кетти.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Москва шаарында Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
- министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат;
- экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
-Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.

Пикир

Оставить комментарий