• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров «Кыргызнефтегаздын» 90 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Президент 0

Бишкек, 11.09.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Кыргызнефтегаз» ААК 90 жылдыгы жана мунайгаз тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы Кыргызстандын мунайгаз тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы жана өлкөнүн мунай табуу тарыхынын 90 жылдыгы менен куттуктады.

Садыр Жапаров мындан туура 90 жыл мурун 1932-жылы Чангыр-Таш мунай кенинде бургулоо иштери жүргүзүлүп, биринчи жолу 250 метр тереңдиктен өндүрүштүк мунай алынганын эске салды. Ошентип, өлкөбүздө мунай бар экени далилденип, ошол убактан баштап бул аймакта нефти өндүрүшүнө көңүл бөлүнө баштаган.

»Ар бир кесип ардактуу» дейт элибизде. Ошентсе да нефть жана газ өндүрүү тармагы өлкөбүздүн экономикалык кубаттуулугун бекемдөөгө салым кошо турган чоң тармак», — деди ал.

Президент соңку жылдары өлкөбүздүн бардык тармактарында жүргүзүлүп жаткан реформалар ири компанияларда дагы уланып, натыйжалуу жылыштар байкалды.
»Кыргызнефтегаз» ишканасынын экономикалык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү жогорулап, мекеменин кирешеси соңку мезгилде бир нече эсеге көбөйгөндүгү буга мисал.

Бүгүнкү күндө «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому өлкөбүздүн мунай жана газ тармагындагы жалгыз өндүрүштүк ишкана экенин жалпыбызга жакшы маалым. Ошол эле учурда, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын толуктоочу мекеме да болуп саналат. «Кыргызнефтегаз» мунай менен газды чалгындоодон баштап, өндүрүү, кайра иштетүү, алынган мунайзаттарын сатуу менен өндүрүштүн толук циклин өзүнө камтыган бирден бир ири мекеме», — деди ал.

Кесипкөй мунайчылардын жана газчылардын күч-аракети менен өлкөбүздүн экономикалык жана энергетикалык базасы чыңдалып жатканына белгилеген Мамлекет башчысы эмгекчил мунайчылар ички рынокту мүмкүн болушунча күйүүчү, майлоочу заттар менен камсыздоого, жаңы кендерди изилдеп, өндүрүштү өнүктүрүүгө аракет кылып жатышканын кошумчалады.

«Кыргызнефтегаз» ишканасынын өлкөнүн экономика тармактарын жана элди күзгү-кышкы жылуулук мезгилине даярдоого кошкон салымы да эбегейсиз. «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы менен Ош шаарындагы Жылуулук электростанциясына мазут жеткирүү менен өлкөнүн кыш мезгилиндеги энергетикалык коопсуздугун камсыздайт.

Ошону менен бирге, мамлекеттик ири өндүрүштүк өнөр жайлардын өнүгүүсүнө да салымы зор», — деди ал.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна өзгөчө макам берилгенден тартып, Баткен аймагын өнүктүрүү боюнча чоң-чоң пландар четинен ишке ашырылып жатканын эске салды.

«Мен «Кыргызнефтегаз» ишканасы Баткен облусунда мунай жана жаратылыш газын өндүрүүнү ийгиликтүү колго алат деп ишенем. Анткени, мунайчылар күндү-күн, түндү-түн дебей, жамгырлуу жазга, аптаптуу жайга, ызгарлуу кышка карабастан эмгектенүүдө. «Эр эмгегин жер жебейт» деген накыл кептегидей, мунайчылардын мээнети текке кетпейт деп ишенем», — деди ал.

Мамлекет башчысы «Кыргыз Петролеум Компанинин» мунай иштетүүчү заводун модернизациялоо аяктаса, 2025-жылга чейин «Кыргызнефтегаз» ААКсы эл аралык стандарттарга жооп берген К-5 күйүүчү майын чыгара баштаарына көңүл бурду. Натыйжада өлкөнүн тышкы отунга болгон көз карандылыгын азайтуу маселеси чечилет.

«Сиздердин алдыңыздарга коюлган милдеттерди мындан ары да ак ниеттүүлүк менен аткарып, мамлекетибиздин ички рыногун камсыз кылып, өндүрүштүн туруктуу иштөөсү үчүн талыкпай эмгектене берериңиздерге бекем ишенем! Мунайзат өндүрүүнүн көлөмү артып, мамлекетибиздин экономикасы жогорулай берсин!», — деген Президент бардыгына бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, аманчылык каалады.

Салтанаттуу иш-чара ата мекендик жана чет элдик эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен уланды.

Президент Садыр Жапаров «Кыргызнефтегаз» ишканасынын өзү сатып алган жаңы техникалары менен да таанышты.

Пикир

Оставить комментарий