• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Караколдо Эмгек күнүнүн урматына шаардык марафон өттү – сүрөт

Аймак 0

Каракол, 01.05.24. /Айпери Кожоева – Кабар/. Каракол шаарында 1-май - Эмгек күнүнө карата “100 спортчу” аттуу жогорку деңгээлдеги шаардык марафон болуп өттү.

Жарышка 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар катышты.

“Каракол шаарынын тургундарын 1-май - Эмгек майрамы менен куттуктайм! Эмгек менен биз бүгүнкү жашоого жетип жатабыз. Каракол – белгилүү, жашыл шаарлардын бири, дагы да ар бирибиз коом үчүн эмгектенсек, алгылыктуу жетишкендиктер болот деп ойлойм”, – деп белгиледи Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова.

Марафондун катышуучуларына сертификаттар жана атайын белектер тапшырылды.

Ошондой эле майрамдын экинчи бөлүгүндө жаш ишкерлер Жеңиш багында 350 түп роза гүлүн отургузушту.

Пикир

Оставить комментарий