• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Садыр Жапаров Талас облустук милициясынын жаңы имаратын ачты

Президент 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын Талас шаарындагы жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы чогулгандарды бул аймактагы маанилүү жакшы саамалык менен куттуктап жатып, мамлекет кайсы гана тармак болбосун, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн эң алгач иштөө шарты талапка ылайык болушу керек деген принципти тутунуп, иш алып барарын белгиледи.

"Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөө шарттары канчалык жакшы түзүлгөн болсо, элге кызмат көрсөтүүнүн сапаты да ошончо жогору болот. Бүгүн биз ошол элге кызмат кылуунун сапатын жогорулатууга мисал боло турган Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы заманбап имаратынын ачылышына күбө болуп турабыз", - деп Садыр Жапаров баса белгиледи.

Президент жүктөлгөн милдеттерди мындан ары дагы күчөтүү максатында кошумча автоунаалар, керектүү жабдуулар жана атайын каражаттар тапшырыла турганын айтты.

Садыр Жапаров бул башкармалыктын мурдагы имараты Советтер Союзу учурунда эле курулуп, мамлекеттик башка имараттардай эле жыл сайын оңдоп-түзөө иштерине каражаттар талап кылынып келгенин эске салды. Имарат алгач маданият үйү катары 1985-жылы салына баштап, 1987-жылы кайсы бир себептерден улам, курулуш иштери токтоп калган. Андан бери бул имарат колдон-колго, өкүнүчтүүсү, жеке менчикке өтүп кеткен жайы да бар эле. Арадан 36 жыл өткөндөн кийин, Талас облустук ички иштер башкармалыгына бул имаратты өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. Ал кезде имараттын төрт дубалдан башка эч нерсеси болгон эмес.

Мамлекет башчысы өз мезгилиндеги мындай көйгөйлөргө карабастан, бул башкармалыкты Жоломан Шаршенбаев, Феликс Кулов, Абдыбек Суталинов, Рашид Тагаев, Алымбай Султанов сыяктуу легендарлуу генералдар жетектеп, аймактын коопсуздугуна жооп берип келишкенин белгилеп өттү.

Садыр Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбеков өздүк курамга иштөө шарттарын түзүү менен, элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында демилге көтөрүп, демөөрчү таап, бул имараттын курулуш иштери башталганын айтып берди.

“Курулуш 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 7 айда толугу менен аяктады. Күнү-түнү жүргүзүлгөн иш-аракеттин жыйынтыгында “Көз коркок – кол баатыр” деген элибиздин улуу сөзү ушундай талыкпаган эмгектин натыйжасында далилденип турат. Мына ушундай жетишкендиктерди ички коопсуздукту камсыздоодогу өзгөрүүгө бет алган алгылыктуу кадамдар деп айтууга болот. Калкыбыздын бейпил турмушта жашоосун, коопсуздугун камсыз кылууда кыргыз милициясында бардык шарттар түзүлүүдө. Мындай аракеттер дүйнөлүк стандартка шайкеш келген коопсуздук деңгээлине жетүүгө болгон аракеттер”, - деп, президент имараттын курулушуна салым кошкон демөөрчүлөргө жана башка колдоо көрсөткөн тараптарга ыраазычылык билдирди.

Мындан башка, Садыр Жапаров акыркы үч жыл аралыгында өлкө аймагындагы ички иштер органдарына жардам сурап кайрылган жарандарыбыздын чакырууларына ыкчам чыгып, жерине жетип барып, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 400дөн ашуун автоунаа берилип, 200дөн ашуун имарат курулуп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнүнө басым жасап, айта кетти.

Мамлекет башчысы ошентип жер-жердеги ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, кызматкерлердин толук кандуу иштөөсүнө тиешелүү шарттар түзүлүп жатканын баса белгиледи. Мындай кубанычтуу учур, жакшы саамалыктар быйылкы жылы 1-ноябрда белгилене турган Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата жакшы жышаана болуп, элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн ак кызмат кылып жаткан ар бир милиция кызматкерине өзгөчө дем кошот.

Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында эл-жерибиздин тынчтыгы үчүн, коомдук тартипти сактоо үчүн өз өмүрүн арнап, талыкпастан эмгектенип жаткан Ички иштер министрлигинин жалпы кызматкерлерине, жетекчилерине жана ардагерлерге ыраазычылык билдирип өттү.

Сөз сүйлөгөндөн кийин Садыр Жапаров жаңыланган шарттар менен таанышты: имараттагы кызматтык жайларды, медициналык-санитардык бөлүктү, актовый залды, футбол талаасын жана машыгуу залын көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий