• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мага кайрылгыла, сөзсүз чара көрөбүз — Садыр Жапаров өлкө ишкерлерине кайрылды

Президент 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өлкө ишкерлерине кайрылып, бүгүн ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу боюнча жарлыкка кол койгондугун эске салды.

"Жарлыкка ылайык ушул жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъектерди, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү иштери болбойт (кылмыш иши козголгон ишканалардан сырткары).

Бул чара бизнес чөйрөсүнүн экономикалык иштерин турукташтыруу жана бизнес чөйрөсүн мамлекет тараптан колдоо максатында болуп жаткан айла.

Кызмат адамдары негизсиз, экономикалык кылмышы аныкталбай туруп эле (жасалма, уюштурма арыздар менен) ишкерлерге текшерүүгө келген болсо, президенттин администрациясы аркылуу мага кайрылсаңыздар болот.

Сөзсүз чара көрөбүз", -- деди мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий