• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Өзбекстанга барат

Өкмөт 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 2-3-майында жумушчу сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барат.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 11-жыйынына жана үчүнчү эл аралык Ташкент инвестициялык форумуна катышат.

Иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, энергетика жана курулуш тармактарында иш жүргүзгөн эл аралык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү жана курулуш объекттеринин башкы пландары менен таанышары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий