• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Сауд Аравиянын элчиси менен эки тараптуу кызматташууну талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим Аль-Радини кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун катышуучулары саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулады.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Сауд Аравия Королдугунун тышкы иштер министри, ханзаада Фейсал бин Фархан Аль Сауддун жакында Кыргызстанга болгон иш сапары эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү берет.

Министрлер кабинетинин төрагасы кошумчалагандай, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин катарына кыргыз-сауд бизнес форумун, кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын III жыйынын өткөрүү, ошондой эле эки өлкө ортосунда туруктуу авиакаттамдарды ачуу кирет.

Ошону менен бирге тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун, көп тараптуу платформаларда жана эл аралык уюмдарда кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий