• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бир да коррупционерди колдогон эмеспиз — президент Жусупбек Коргонбай уулунун билдирүүсүнө комментарий берди

Президент 0

Күн мурун Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Ага депутат Жусупбек Коргонбай уулунун министр жөнүндө айткан акыркы билдирүүлөрү себеп болду. Эл өкүлү чоң трибунадан министр президенттин ишенимине кирип, туура эмес иштерди жасап жаткандыгын айтып чыкты. Депутат — министр тирешине байланыштуу "Кабар" агенттиги президент Садыр Жапаровго кайрылып, пикирин укту.​

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!

— Саламатчылык!

— Садыр Нургожоевич бул жолу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге байланыштуу маселелерге токтолсок. Алгачкы эле суроо, Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиев президенттин ишенимине кирип алып туура эмес иштерге барып атат дейт. Сиз менен достук мамилеси барбы?

— Досум да эмес, “братым-сватым” да эмес. Жөн гана жакшы иштеген, коррупция менен уурулуктарга каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн кармап жүрөм. “30 жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигиндеги уюп калган коррупциялык системаны талкалап жок кыласың, карапайым эл үчүн жакшы шарттарды түзүп бересиң” деп шарт койгом. Колунан келишинче аткарып атат. Ага каршылыктар абдан күч экенин барыбыз жакшы билебиз. Мен бул эле министрди коргоп аткан жокмун. Коррупцияга каршы күрөшкөн, уурулуктарды токтоткон бардык министрлерди коргойм.

Эгер өздөрү коррупцияга, уурулукка аралашса анда андай министрлерге аёо жок. Көрүп эле жүрбөйсүңөрбү. Эгер уюган коррупцияны, уюган уурулукту жок кылуу үчүн күрөшүп жаткан министрлердин баарын туш-туштан талап жей берсек, эртең эч бир министр иш кылбай коёт. Эптеп күн өткөрмөй башталат. “Тигил менен жаман көрүшпөй эле коеюн, муну менен жаман көрүшпөй эле коеюн” деген позицияга өтүп алып, эптеп убакыт өткөрүп жүрө бергендерди көрүп калбадыкпы. Убакыт күтпөйт. Тез-тез иштешибиз керек.

Бир эле жактуу болбой эки жакты тең карайбыз. Эгер депутат айткан фактылар аныкталса сөзсүз жазалайбыз. Таяктын эки башы бар дегендей, эгерде депутат айткан айыптоолор тастыкталбаса, анда ал дагы тийиштүү мыйзамдардын чегинде жазаланат. Антпесе ар кимдин аброюна шек келтирип коюп, анан тастыкталбаса унчукпай кутулуп кеткени адилетсиз болуп калат да.

Мен эки жака тең тартпайм. Мен чындык, акыйкаттык жактамын.

— Парламент депутаты Алымкадыр Бейшеналиевди бир катар мыйзам бузууларга айыптады. Анын бири “Алтын балалык” реабилитациялык борборун ишке киргизүүгө байланыштуу. Бул борборду ишке киргизүү тапшырмасын өзүңүз берип, анын ачылышына да катыштыңыз эле. Курулуш иштеринен кабар алып турсаңыз керек? Депутат Жусупбек Коргонбай уулу айткандай бөлүнгөн каражаттын тең жарымы желип кетиши мүмкүнбү?

— Муну да текшерип көрүшсүн. Депутаттык комиссия түзүшкөн турбайбы. Өз көздөрү менен көрүп келишсин. Бирок мен бир нерсени айтып коюшум керек. Мен кызматка келгенде биринчи жолу барып көргөнүмдө имараттын сөлөкөтү (каркасы) эле турган. Бизнесмендерден “Толук бүтүргөнгө жардам бергиле” деп жардам сурагам. Ал убакта мамлекетте акча жок эле да. Алар эсептеп чыгып, аягына чейин бүтүрүш үчүн 15 млн доллар (1,5 миллиард сом) болот экен, биздин күчүбүз жетпейт деп келишкен. Себеби жалпы аянты 28 миң чарчы метрди түзөт. Анда өзүбүз эле эптеп бир нерсе кылып бүтүрөлү деп марафон уюштурганбыз. Элден 58 млн сом түшкөн. “Кумтөр” 200 млн сом берген. Эпид. фонд 33 млн сом берген. Бардыгы болуп 291 млн сом берилген. Эгер депутат айткандай ушул акчадан жеп койгону аныкталса жазалайбыз, төлөтөбүз. Биз бир дагы министрди коррупциясы же уурулугу үчүн коргогон эмеспиз жана коргобойбуз. Буга чейин канчалаган министрлер кетишти. Канчасы камалып чыкты көрүп эле атпайсыңарбы.

— Эл өкүлү министрдин ондогон элиталык делген батирлери, эбегейсиз байлыгын бар экенин да айтты. Ал турсун Дубайда, Түркияда дагы бар дейт. Эми текшерүү жүргүзүлөбү?

— Текшерип көрүшсүн. Качан алган? Кайсы акчага алган баарын текшерип көрүшсүн. Эгер акыркы үч жылда алган болсо, анда конфискация кылабыз, жазалайбыз. Себеби 2020-жылга чейин мен билгенден Алымкадыр Бейшеналиевдин Дубайда, Түркияда батирлери жок болчу.

— Сурообузга убакыт бөлүп, жооп бергениңиз үчүн сизге ыраазычылык билдирем!

— Ишиңерге ийгиликтерди каалайм!

Маектешкен "Кабар" КУМАнын башкы директору Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий