• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бостеридеги жаш жигиттин өлүмү. Президент ишти жеке көзөмөлүнө алды

Президент 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров коомчулукта резонанс жараткан, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 23 жаштагы жарандын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар тараптуу жана объективдүү иликтөө тапшырмасы берилди.


Белгилей кетсек, Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Золотые пески" эс алуу жайында 23 жаштагы жигит каза болду. Окуя 6-августта катталган. Маркум Талас облусунун А.Б. аттуу тургуну.

Окуяга байланыштуу облустук милиция үн катып, жагдай боюнча өз версиянын билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-августта болжол менен саат 05:10до Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт кызматына окуя тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган билдирүү райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлөт.

"Алгачкы сырткы кароонун жүрүшүндө жигиттин денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалган эмес. Күбөлөрдүн айтуусуна караганда, каза болгон жаран 5-августта жубайы жана классташтары менен Бостериге эс алганы келген", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Классташтарынын биринин айтымында, болжол менен саат 23:30 чамаларында каза болгон жаран жана дагы бир классташы менен көл жээгинде жайгашкан барда эс алып жатышкан. Эс алуу учурунда А.Б. белгисиз жарандар менен менен чатакташа кеткен. Бир нече убакыт өткөндөн кийин бардын ылдый жагынан эс-учун жоготкон абалда табылган.

Жардамга келген эс алуучулардын бири өзүн медициналык адис катары тааныштырып, жабырлануучуга жардам көрсөтө баштаган. Милиция кызматкерлери тарабынан аталган жарандын өздүгү аныкталган. Ал Ош облусунун тургуну, 23 жаштагы У. К. болуп чыкты.

Анын айтымында, бул күнү болжол менен саат 05:00 чамаларында көл жээгинде сейилдеп жүрүп, жардам сураган кыйкырыктарды уккан. Ал жерге чуркап келип, эс-учун жоготкон жигитти көрүп, дароо биринчи жардам көрсөтө баштаган. Жардам берип жатып, ал жабырлануучу тилин жутуп алганын байкаган жана тилин чыгаруу үчүн жабырлануучунун жаагын ача баштаган. Бул учурда тез жардамдын кызматкерлери келип, жардам көрсөтүүнү улантышкан. Бирок натыйжа болгон эмес.

Талас облусунун тургунунун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий