• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон берилет — Жапаров

Президент 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон берилет . Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Лейлек районунун Максат айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле жабыркаган ишкерлерге дагы жардам көрсөтүлөт.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү суроолорго жооп берди. Эл негизинен мамлекет тарабынан колдоо, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесси, пенсия жана жөлөкпулдар, жоголгон документтерди калыбына келтирүү, жолдорду оңдоо жана башка маселелер боюнча суроолорун узатышты.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 189 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 6-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий