• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Улут сыймыгы Жолочу Рысбаевге жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 30.04.24./Кабар/. Кыргыз эли, улуттук адабияты оор жоготууга учурады.

2024-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын эл акыны Жолочу Султанович Рысбаев 75 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Белгилүү акын, чебер сатирик, фельетонист Жолочу Рысбаев Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган.

Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине өтүп, аны 1974-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Алгачкы чыгармачылык жана эмгек жолун 1975-жылдан тарта Кыргыз ССРинин Телерадио берүү боюнча мамлекеттик комитетинде редактор болуп баштап, андан кийин адабий-драмалык редакциясынын башкы редактору кызматын аркалаган.

Ал кыргыз радиоугармандары менен телекөрүүчүлөрүнө “Кутмандуу болсун күнүңөр”, “Шибеге” радио уктурууларынын редактору, эл сүймөнчүгүнө ээ болгон “Мыскыл жана тамаша” телеберүүсүнүн алгачкы уюштуруучусу жана автору катары таанымал болгон.

2005-жылдан 2010-жылга чейин Чүй облусунун “Сары-Өзөн” телерадиокомпаниясынын улук редактору болуп иштеген.

2010-жылдан тартып 2012-жылга чейин “Кыргыз радиосунун” кабарчысы болуп эмгектенген.

Ж. Рысбаев редакциялык ишмердиги менен катар адабий иштерге да активдүү катышкан.

1988-жылдан тартып СССР жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Кыргыз тилинде “Чырмоок” (1982), “Коңгуроо” (1988), “Ой шумдук” (1991), “Оозуңа таш” (1993), “Ап-чихи чүчүңүз” (1999), “Мен Мидин эмесмин, Мидин мен эмес” (2006), “Ачуу-таттуу аралаш” (2009), “Какабасаң муштабайт элем” (2014), “Сары тикендүү сатиралар” жана “Аарынын уусу ачуу, балы таттуу” (2022) сатиралык чыгармалары, орус тилинде “Тысяча и одна улыбка” (2007), “Солнечный край” (2017) китептери жарык көргөн. Эл арасында кеңири белгилүү “Жар-жар” жана “Сулууларга суктанууга акым бар” деген обондуу ырлардын автору.

Жолочу Рысбаев 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланган, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” (2019), 2021-жылы “Кыргыз Республикасынын эл акыны” (2021) ардактуу наамдары ыйгарылган.

Улут сыймыгы Рысбаев Жолочу Султановичтин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, А.Т.Түмөнбаев, Б.З. Түлөбаев, М. Самыйкожо, Б.И. Бөрүбашов, Ч.А. Абыкеев, А.С. Кадыралиев, А.А. Максутов, У.Э. Далиев, К.М. Адиев, Ж.Б. Курмангалиев, Т.Т. Казаков, К. Урманбетов, К.А. Осмонов, М.К. Букеев, К.К. Иманалиев, Н. Асанбаев, Ж.О. Кулманбетов, М.С. Мамбетов, Ж.С. Сааданбеков ж.б.

Пикир

Оставить комментарий