• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Орто-Токой жана Папан суу сактагычтарында дагы ГЭСтер курулары мерчемделүүдө – президент

Президент 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Орто-Токой жана Папан суу сактагычтарында дагы ГЭСтер курулары мерчемделүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облусунда жайгашкан Бала-Саруу ГЭСин ишке киргизип жатып билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, энергетика тармагында ГЭСтерди куруу боюнча иштер токтоп калбайт. Министрликтин алдында өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган көптөгөн милдеттер турат.

“Келечекте ушул сыяктуу долбоорлорду Орто-Токой жана Папан суу сактагычтарында ишке ашырууну мерчемдеп жатабыз. Буюрса, тиешелүү келишимдерге кол коюлуп, жакын арада бул объектилерде жаңы ГЭСтер курула баштайт”, - деп белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий