• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Электрондук патентти киргизүү үчүн шарттар түзүлөт

Президент 0

Бишкек, 18.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 1-мартында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты товарларды маркалоону, электрондук патентти киргизүү, онлайн-ККМ башкаруусун өркүндөтүү, электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтүү үчүн жана ЕАЭБ менен чет өлкөлүк товарларды, ошондой эле ЕАЭБ талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы товарларды байкоого алуу үчүн шарттарды түзүү үчүн укуктук негиз түзүү болуп саналат.

Мыйзамдын 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кире турган 1-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацын жана 5, 12, 15, 17 - 27-пункттарын кошпогондо, Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий