• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев Россиянын Президентинин кеңешчиси Сергей Глазьевди кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 20.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 19-октябрда «ЕАЭБ шарттарында ишкерликти өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык проблемалары» эл аралык илимий-практикалык конференциясынын ишине катышуу үчүн өлкөбүзгө келген Россия Федерациясынын Президентинин кеңешчиси Сергей Глазьевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразиялык экономикалык бирликтин ишмердигинин актуалдуу маселелери боюнча, тактап айтканда бирикменин катышуу-өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык интеграция процесстерин мындан ары өнүктүрүү, интеграциялык процесстердин бардык катышуучуларынын кызыкчылыктары үчүн айрым өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара соодада тоскоолдуктарды алып салуу боюнча биргелешкен чараларды кабыл алууга тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий