• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сердар Бердымухамедов Кыргызстандын президентин Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 10.05.22./Кабар/. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

“Бул күнү биз келечек муундардын бейпил жашоосу үчүн салгылашууларда эрдиктин, кайраттуулуктун жана майышпас эрктин бийик үлгүлөрүн көрсөткөн жалпы баатырларыбызды, ошондой эле талыкпаган, жан аябас эмгек менен көптөн күткөн Жеңишке баа жеткис салым кошкон оорук кызматкерлерин терең урматтоо жана сыймыктануу менен эскеребиз

Учурдан пайдаланып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана Кыргызстандын бардык боордош элине менин чын жүрөктөн куттуктоомду жана ден соолук, бакыт жана бакубатчылык кааларымды жеткирүүңүздү өтүнөм”, - деп айтылат Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий